Сүлүктүдөгү көмүр шахтыларын газдан тазалоо иштери жүрдү

Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде газ чыккандыгы тууралуу шахтанын  директорунан маалымат келип түшкөн. Жерине №1 Өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 7 куткаруучу тартылып, натыйжада шахтынын 360-метр тереңдигине парустук тосмо орнотулуп, газдан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинен кабарлады. Бактыга жараша жабыркагандар болгон эмес.   Автор: Сабира Бакирбек кызы